Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-ноябры № 17/5
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы соода түйүндөрүндө сертификаты жок спирт ичимдиктерин саттырбоо боюнча
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мыйзамда белгиленген аралыкта жайгашкан билим берүү мекемелеринин айланасындагы соода түйүндөрүнө сертификаты жок спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жалпы соода түйүндөрүндө кечки саат 21-00дөн эрте мененки саат 9-00гө чейин спирт ичимдиктери сатылбасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы 1-Май айылынын айыл башчысы К.Закировго, Тогуз-Булак айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучу М.Эрмаматовго, Кең-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго, мекеме-ишканалардын жетекчилерине, участкалык инспектор И.Кеңешбаевге, салык инспектор Т.Оморовго милдеттендирилсин.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|