Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-ноябры № 17/2
Корул айыл өкмөтүндөгү тоют топтоонун жыйынтыгы боюнча
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 1-Май, Тогуз-Булак, Кен-Жылга айылдарында тоют топтоо боюнча бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2014-2015-жылдардын кыш мегилинен ийгиликтүү чыгуу үчүн, башка жактан арзан баадагы тоютту алып келип, элди тоют менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Шариповго жана 1-Май айылынын айыл башчысы К.Закировго, Тогуз-Булак айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучу М.Эрмаматовго, Кең-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго жана агрардык маселелер жана жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Кадыров Анарбайга тапшырылсын.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|