Редакцияот 18.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казан–Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 7-кезексиз сессиясы

 

2013-жылдын 18-майы № 2

Казан–Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин 2013-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июлундагы №386 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин 2010-жылдын 13-январындагы №01-4/23 жолдомосун, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2-март 2010-жылдагы №66 буйругун аткаруу максатында

Казан–Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Казан–Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин 2013-жылга карата түзүлгөн бюджети бекитилсин.

2. Казан–Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин 2013-жылга карата түзүлгөн бюджети боюнча иш алып баруу жагы жайыт комитетинин төрагасы М. Шалтаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Казан–Куйган айыл Кеңешинин депутатты “Жер жана турак- жай” комиссиясынын төрагасы С. Абдылдаевге тапшырылсын.

 

Төрагасы

М. Солтонкулов