Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-февралы № 3
Казан–Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусу боюнча жыл башында калган калдыктан акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жыл башында калган калдыктан акча каражатын бөлүп берүү максатында
Казан–Куйган айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылдын башында калган акча каражаттан мамлекеттик кызматтык авто унаанын запастык бөлүгүнө, күйүүчү майына жана жабдуу алуусуна 40,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Таза суунун башкы курулмасын ремонттоо үчүн 5,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Атайын каражаттан, ата-энелерден чогулуучу взностон жылдын башына калган калдыктан 15,0миң сом акча каражатын бала бакчага тама-аш үчүн болүнүп берилсин.
4. Жалпы негизги каражаттан 45,0миң сом, атайын каражаттан 15,0миң сом акча каражатын статьялар боюнча туура чыгымдалышын көзөмөлдөө жагы Казан –Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А. Шалтаевага милдеттендирилсин.
Төрагасы | М. Солтонкулов |