Редакцияот 10.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казан–Куйган айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы

 

2014-жылдын 10-майы № 1

Казан–Куйган айыл аймагына ички тартип эрежелерин киргизүү жөнүндө

Корукту чыгаруу, суу башчысын дайындоо, малдын бадасын чыгаруу, жайлоого көчүрүү, жайлоодон көчүп келүү, корукка түшкөн малга айып салуу максатында

Казан–Куйган айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Казан–Куйган айылынын суу башчысы болуп Карабагышов Турсунбек, үлүш жерге корукчу болуп Исираилов Айбар, Асеков Жолдошбек дайындалсын.

2. Суугат жерди сугаруу үчүн 1га жерге 150 сом төлөө киргизилсин, корукчулардын эмгек акысын айыл өкмөтү тарабынан айына ар бирине 3000 (үч миң) сомдон төлөп берүү жагы жүктөлсүн, элден түтүнгө 50 сомдон берүү жагы бекитилсин.

3. Корук жерге мал кирген мезгилде жан башына кой, эчки үчүн 25 сомдон, музоо жана кулунга 50 сомдон, уйга жана жылкыга 100 сомдон айып салынсын. Башка айылдын малы корукка түшкөн мезгилде жогорудагы көрсөтүлгөн айып эки эселенген түрдө айып салынсын.

4. Жер айдоо Т-40, МТЗ-80 1га үчүн 25 литр солярка, акысы 600сом, тырмоо 10 литр солярка, акысы 250 сом, шакап тартууга 3 литр солярка акысы 100 сом, көп жылдык чөптү тырмоо 5 литр солярка, акысы 150 сом болуп бекитилсин.

5. Чөп чабык СК менен 1га үчүн 8 литр солярка, акысы 800 сом, чөптү престөө үчүн 1га жерге 10 литр слярка, акысы 1баш боосуна 5 сомдон, чөп чабуу урукка 25 литр солярка, акысы 2000 сомдон болуп коюлсун.

6. Чөп тартуу: Айыл ичинде ГАЗ-53 автомашинасы менен 5 литр бензин (ак тамга чейин), андан ары 10 литр бензин акысы 200 сомдон болуп эмгек акы белгиленсин. Кара–Талаада ГАЗ-53 автомашинасына менен 45 литр бензин, акысы 1000сом, 500 боодон ашса 100 литр бензин, акысы 3000 сом болуп бекитилсин.

7. Шагыл тартуу ГАЗ 53 автомашинасы менен 850 сом, топурак тартуу 650 сом, Камаз менен шагыл тартуу 1500, топурак тартуу 1200 сом болуп бекитилсин.

8. Огород, үлүш жерден сырткары тосулган жерлер алынып жайытка айлансын, генпланда көрсөтүлгөн көчөлөр ачылсын жана бул иштерди аткаруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

9. Эгинди жана табигый чөптү тебелеп зыянга учуратса, мал ээсине чыгымды төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.

10. Малды тоого кетирүү 25-майдан 1-июнга чейин, тоодон келтирүү 15-октябрдан кийин деп белгиленсин.

11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет комиссиясына жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына З. Кемелбековго милдеттендирилсин.

 

Төрагасы

М. Солтонкулов