Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-октябры № 1
Казан–Куйган айыл өкмөтүндө 2014-жыл башында калган калдыктан акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Порталга (Веб сайтка), бала бакчаны капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн өздүк салым, Кара–Үңкүр айылында жашагандар үчүн күн батереясы үчүн өздүк салым, көчө жарыгын коюуга кызмат көрсөтүүгө, айыл өкмөтүнүн атайын эсеп-счетуна киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө акча каражаттарын бөлүп берүү максатында
Казан–Куйган айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бала–бакчаны түрткү берүүчү гранттын эсебинен капиталдык ремотон өткөрүүгө өздүк салым үчүн 100 000 (жүз миң) сом бөлүп берилсин.
2. Веб сайт ачуу үчүн 7 500 (жети миң беш жүз) сомго келишим түзүлүп акча каражаты которулуп берилсин.
3. Кара–Үңкүр айылында жашаган элдерге (MSDSP KG) Ага-Хан аркылуу күн батереясы менен камсыз кылууда өздүк салым үчүн 10 000 (он мин) сом бөлүнүп берилсин.
4. Казан–Куйган айылындагы көчөлөргө көчө жарыгын коюуга кызмат акы үчүн 8 300 (сегиз миң үч жүз) сомго келишим тузүлүп, акча каражаты которулуп берилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн атайын эсеп-счетунун киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө 65 000 (алтымыш беш миң) сомду планга киргизип берүү жагы Нарын райондук финансы бөлүмүнөн суралсын жана бул бөлүнгөн акча каражатынан 15 000 (он беш миң) сому бала бакчага, 50 000 (элүү миң) сому айыл өкмөтүнө максаттуу пайдалануу үчүн жумшалсын.
6. Акча каражатын статьялар боюнча туура чыгымдалышы Казан–Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А. Шалтаевага милдеттендирилсин, туура пайдалангандыгын көзөмөлдөөнү бюджет комиссиясына тапшырылсын.
Төрагасы | М. Солтонкулов |