Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-декабры № 2
Казан–Куйган айыл өкмөтүндө 2014-жылдын жыл башында калган калдыктан акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Казан–Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2014-жылдын жыл башында калган калдыктан акча каражатын бөлүп берүү максатында
Казан–Куйган айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын башында калган калдыктан айыл ичиндеги жолбун иттерди атууга, айыл четинде пайда болгон чөөлөрдү, карышкырларды атуу боюнча 10 000 (он миң) сом жана айыл өкмөтүнүн кызмат автоунаасына күйүүчү май үчүн 22 800 (жыйырма эки миң сегиз жүз) сом бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын статьялар боюнча туура чыгымдалышы Казан –Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А. Шалтаевага милдеттендирилсин, туура пайдалангандыгын көзөмөлдөөнү бюджет комиссиясына тапшырылсын.
Төрагасы | М. Солтонкулов |