Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-январы № 1
Жалпы элди таза суу менен камсыз кылуу жана ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
Үйүнө суу киргизгендерден акча каражатын чогултуу, тарифти бекитүү жана сууну пайдаланууда ички тартип эрежелерин бекитүү максатында.
Казан–Куйган айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сууну пайдаланган адамдардан жан башына тариф 10 сомдон, үйүнө суу киргизгендер үчүн жан башына 15 сомдон болуп бекитилсин.
2. Үйүнө суу киргизүү үчүн арызы боюнча уруксат 4000 (төрт миң) сом акчасын төлөгөндөн кийин жүргүзүлсүн.
3. Мектепте окуган 250 окуучу учун айына жан башына 5 сомдон тогуз айга 125 сомду, бала бакчада тарбияланып жаткан 25 балага айына жан башына 3 сомдон он айга 750 сомду Казан –Куйган айыл аймагынын бюджетине киргизилип, жыл аягында которуп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Ичүүчү сууну шланга менен огородун сугарганга, сууну кароосуз агызып таштагандарга, малды идишке куюп сугарбаса, суу алгандан кийин сууну агызган боюнча калтырса жана кышкысын тоңуп калат деп агызып таштаса биринчиси “Эскертүү” , экинчиси “Акыркы эскертүү”, үчүнчүсү 300 сом штраф, төртүнчүсү суу түтүгүн кыркып салынсын.
5. Айылдагы баняга, ичүүчү сууну пайдалагандыгы үчүн айына 500 (беш жуз) сомду төлөө жагы киргизилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет комиссиясына тапшырылсын.
Төрагасы | М. Солтонкулов |