Редакцияот 01.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 1-марты № 15/V-2

Кайыңды шаарынын мэриясынын 2012 - жылында бюджеттен калган калдыктарын пайдалануу боюнча

Кайыңды шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башка бухгалтеринин “ Кайынды шаарынын 2012 - жылындагы бюджетин аткаруу боюнча” маалыматын угуп, пландын тыщкары 2012 жылдын бюджеттин керише жагына каржы каражаттардын киришин эске алып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттар сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2012 - жылдын бюджетинен калган калдыктары 918,9 мин сомду төмөнкү иш чараларды каржылоого уруксат берүү:

-500 мин сомду кызмат автоунаа сатып алууга;

-340,7 мин сомду Советская көчөсүндөгү скважинаны капиталдык жөндөөгө;

-78,0 мин сомду Кайыңды мэриясынын жумушчу-кызматкерлерине сыйлык берүүгө.

2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Абдрасулов У.Б.