КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-марты № 18/V-5
Кайыңды шаарынын “Ардактуу жарааны” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кайындын шаарынын мэриясынын “Кайынды шаарынын “Ардактуу жарааны” наамын ыйгаруу маалымат-сунуштарын талкуулап, “Ардактуу жараан” нааман ыйгаруу ирээти Жобосунун негизинде Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкондугу үчүн, ошондой эле жергиликтүү коомдук кеңешинде көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген үчүн Кайыңды шаарынын мэриясынын карылар кеңешинин төрагасы Диканбаев Кенжебекке Кайыңды шаарынын “Ардактуу жарааны” наамы ыйгарылсын.
2. Кайыңды шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкондугу үчүн, ошондой эле көп жылдан бери жергиликтүү-коомдук кеңешинде эмгектенгени үчүн Кайыңды шаарынын аксакалдар сотунун төрагасы Орлов Иван Григорьевичке Кайыңды шаарынын “Ардактуу жарааны” наамы ыйгарылсын.
Төрага | Абдрасулов У.Б. |