Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-сентябры № 31/X-1
Кайыңды шаарынын мэриясынын аймагында коюлуучу Зоналдык коэффициенттин өлчөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339 чу беренесинин 4 чү пунктун колдонуусу менен, ошондой эле жергиликтүү бюджетке кошумча киреше кирүүсүн көздөп, быйылкы жылдын максаттарын жана долбоорлорун аткаруу үчүн Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттар сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын аймагында 2013- жылдын Зоналдык коэффициенти 1,2 өлчөмүндө бекитилсин, 2014 - жылдын үчтүн айынан тартып жер салыгы , чарбачылык эмес жерлер ошондой эле үйдүн тегерегиндеги жер , короо – бак аймактары 1,2 өлчөмүндө салыктансын.
03.02.2010 жылдын №35VIII – 6 Кайыңды кыштактык кеңешинин токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлү Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча депутаттардын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абдрасулов У.Б. |