Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-сентябры № 33/X-3
Кайынды шаарынын аймагына жер жана мүлккө салык киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 31 беренесинин 3 бөлүгүнүн жана 2008 - жылдын тогуздун айынын 17 деги Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексин Кыргыз Республикасына киргизүү жана ишке ашыруу” мыйзамынын 3 беренесинин 3 бөлүгүнүн негизинде Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014 жылдын Үчтүн айынын биринен тартып Кайыңды шаарынын аймагында төмөнкү салыктар киргизилсин жана ишке ашырылсын.
- мүлктүн салыктары;
а) 1- топ (турак үйлөр, патирлер, дачалар)
б) 2 - топ (өндурүш, административдүү турак үйлөр, соода сатык жана башка жеке менчик иш чараларга пайдаланган патирлер).
в) 3- топ (киоскалар, контейнерлер, убактылуу темирден курулган имараттар жеке менчик ищ чараларга ылайыкташылган)..
- жер салыгы;
а) жергиликтүү калктын турак жайга жана чарбачылык эмес пайдаланган жерлерге салык салуу.
б) короо – жайга жана бак – даракка, короо аймактарга пайдаланган салык.
2. Кайыңды шаарынын мэриясына бул токтомдо көрсөтүлгөн 1 пунктун Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде салыктарды акимдештирип ишке ашыруусун белгилеп кетүү.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине каттого жөнөтүлсүн..
4. Токтом жарыяланган мезгилден баштап өз күчүнө кирет..
5. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча депутаттардын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абдрасулов У.Б. |