Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-марты № 54/XIV-3
Кайынды шаарынын Лермонтова, Пролетарская, Эмгек көчөлөрүнүн тургундарына ичээр таза суунун баасынын калькуляциясын бекитүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясы түзгө Лермонтова, Пролетарская, Эмгек көчөлөрүнө скважинадан тартып берилген ичээр таза суунун бааларынын тарифтерин карап Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттар сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лермонтова, Пролетарская, Эмгек көчөлөрүнүн тургундарына бир айга бир кишиге 39 сомдон суунун сарпталышынын айлык тарифи бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Кайыңды шаарынын кеңешинин депутаттарынын бюджет боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
Төрага | Абдрасулов У.Б. |