Редакцияот 10.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 10-февралы № 51/XIII-4

Кайынды шаарынын Ломоносов көчөсүн Каныкей А.Е. атына өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө” 25.09.1997 жылдын Мыйзамынын 7 беренесинин негизинде жазылган Егембердиева К.А. нын бир туугандарынын жана “ОАО Кабельный завод” мүдүрүнүн Ломоносов көчөсүн “Каныкей А.Е.” атына өзгөртүү жөнүндө өтүнүчүн карап, Кайынды шаардык кеңешинин депутаттар сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ломоносов көчөсү Каныкей А.Е. атына которулсун.

2. Которууга байланыштуу ар кандай чыгымдарды: тиркелүүчү жазуулар, кайра каттоо, жарандарын паспортун которуу жана башка чыгымдарды Егембердиева Каныкей Аскаровнанын бир туугандарына жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кайынды шаарынын бюджет боюнча туруктуу депутаттар комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Абдрасулов У.Б.