Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-июну № 67/XVIII-1
Панфилов районундагы Чуй облусунун Кайынды шаарынын жана Курама айыл өкмөтүнүн чек арасын тактоо жөнүндө
Кайыңды шаарынын жана Курама айыл өкмөтүнүн адмистративдүү-аймактык чек араларын тактоо максатында, Курама айыл өкмөтүнүн картографиялык материалдарынын негизинде, ошондой эле “Кыргызгипрозем” ГПИ синин көргөзгөн материалдарынын негизинде Кыргыз Республикасын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын жер кодекси менен колдонуп Кайынды шаардык кеңешинин депутаттар сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды шаары менен Курама айыл өкмөтүнүн ортосундагы чек араларды жөнгө салып такталсын, тактап айтканда: ОАО “Арстанбек”Откормбазасынын түштүк тарабынан, анда жайгашкан үй имараттары Откормбаза жана Ч. Айтматов көчөсүн Курама айыл өкмөтүнө өткөрүп берилсин.
Кайыңды шаарынын мэриясынын аталган көчөлөрдү жашаган тургундарына тиешилүү укуктоочу жана жаран аныктоочу иш кагаздарын оңдоп-калыптандырылышын милдеттендирсин.
Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайынды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак-жай маселелер боюнча депутаттардык турукту комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абдрасулов У.Б. |