Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-июну № 69/XVIII-5
Кайынды шаарынын территориясындагы бош калган жер аймактарын баланска алуу жөнүндө
Кайынды шаардык кеңешинин депутаты, Панфилов районунун Мамкаттоосунун кыймылсыз мүлктүн укуктарын каттоо бөлүмүнүн башчысы Момунбаев С.Н. айтып чыккан сөзүн угуп Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы.:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды шаарынын мэриясына 2014 жылдын 3-кварталынын аягына чейин Кайыңды шаарынын аймагындагы бош жаткан жер аймактарынын ревизиясын өткөрсүн;
- Кайыңды шаарынын мэриясы бош жаткан жер аймактарынын ээлерин таап тактасын;
- ээси жок бош жер аймактарын соттун чечими менен Кайыңды шаарынын мэриясынын балансына кабыл алсын.
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак-жай суроолор боюнча депутаттардын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |