Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-ноябры № 12/2
Сопу-коргон айлынын тургуну маркум Абдисейит уулу Нураттын ысымын Аскалы айылына салынган көпүрөгө ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамына ылайык жана Аскалы айылынын элдеринин сунушу, элдик жыйындын токтомунун негизинде
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин V чакырылышынын XII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аскалы айылына салынган көпүрөгө Абдисейит уулу Нураттын салымы болгондуктан Аскалы айылынын көпүрөсү Абдисейит уулу Нураттын атына коюлсун
2. Мындан ары Аскалы айылындагы көпүрө Абдисейит уулу Нурат көпүрөсү деп аталсын .
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Абдрамановага жүктөлсүн .
К.Белекбаев айылдык кеңешинин төрайымы |
Ч.Канкиева |