Загрузка документа…
БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-ноябры № 12/3
К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылындагы мечитке ат коюу жөнүндөгү жамааттын жана элдин жыйынынын 22-август 2014-жылдагы № 3 токтомун бекитүү жөнүндө
Жамааттын жана элдин жыйынынын 22-август 2014-жылдагы № 3 токтомунун мазмуну толук окуп берилип жана талкуудан өтүп айыл кеңешинин отуруму төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сопу-Коргон айылынын мечит жамаатынын жана элдин 22-август 2014-жылдагы жыйынынын № 3 токтому бекитилсин .
2. Ушул токтомдун 1-пунктунун негизинде 27-ноябрь 2014-жылдан баштап «Сопу-Коргон» мечити « Султанов Өзгөрүш» мечити деп аталсын жана иш кагаздары ушул токтомго ылайык даярдалсын .
3. Ушул токтомду областтык юстиция бөлүмүнөн каттоодон өткөрүүгө, иш кагаздарын даярдоо К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Абдрамановага жана каттоодон өткөрүү айыл Кенешинин депутаты Э.Абдрахмановго тапшырылсын
К. Белекбаев айылдык кеңешинин төрайымы |
Ч. Канкиева |