Загрузка документа…
БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-ноябры № 12/5
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылынын маданият үйүнүн иш абалы жөнүндө
Маданият үйүнүн жетекчиси Сарыгуловдун иш абалы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин V чакырылышынын XII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маданият үйүнүн башчысы А.Сарыгулов иш пландарын түзүп, кол алдында иштегендерди өз убагында ишке келүүсүнө жетекчилик жүргүзсүн .
2. Айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен кемчилдиктерин жоюу эскертилип А.Сарыгуловко эскертүү берилсин .
3. Маданият үйүнө бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдаланылгандыгын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетине тапшырылысын .
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү төрайым катары өзүмө калтырамын .
К.Белекбаев айылдык кеңешинин төрайымы |
Ч. Канкиева |