Загрузка документа…
БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-ноябры № 12/6
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүндөгү атуулдардын арызын кароо жөнүндө
Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Кайыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн атуулдарына Кызыл-Кыштоо участкасынан, жана ГЭС участкасынан айыл чарбасына жараксыз бош жаткан жерлерден турак жай салуу үчүн 0,10 сотыхтан жер тилкеси бөлүнүп берилсин .
2. Жогорудагы жерди мыйзамдаштыруу жагы Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн жана Алай райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн суралсын .
3. Архитектуранын көрсөтмөсүнүн негизинде туура жайгаштыруу, көрсөтүү, мыйзам чегинде аткаруу жагы К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Машаевге жүктөлсүн .
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин .
К.Белекбаев айылдык кеңешинин төрайымы |
Ч. Канкиева |