ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Таш-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
2014-жылдын 14-марты № 1-1
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бюджетин бекитүү, бюджеттин 2015-2016-ж.ж.карата долбоорун кабыл алуу, 2013-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатын сарптоо, 2012-жылдын бюджетинин аткарылышын бекитүү маселелери жөнүндө
Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын 2014-жылга карата бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүн бекитүү, бюджеттин 2015-2016-ж.ж. карата долбоорун кабыл алуу, 2012-жылдын бюджетинин аткарылышын бекитүү маселелери боюнча депутаттардын сунуштарын угуп жана эске алып, Таш-Дөбө айылдык Кеңеши,токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ушул токтом менен бекитилген жергиликтүү бюджет массалык маалымат каражаттарына-«Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат» гезитине жарыялансын жана Нарын облустук Адилет башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө жиберилсин.
2. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2012-жылга киреше, чыгашалар боюнча аткарылышы 10 086,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2014-жылга Таш-Дөбө айылынын жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 3608,4 миң сом анын ичинен; кирешеси 391,8 миң сом, теңдештирме гранты 3216,6 миң сомго бекитилсин.
4. 2014-жылга Таш-Дөбө айылынын чыгашалар бөлүгү 3608,4 миң сом анын ичинен; эмгек акыга 2222,9 миң сом, соцфондго 330,8 миң сом, командировкалык чыгымга 110,0 миң сом, байланыш кызмат көрсөтүүсүнө 10,0 миң сом, транспорттук чыгымга 87,7 миң сом, ар кандай товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууга 104,3 миң сом, мүлктү учурдагы оңдоо чыгымына 20,0 миң сом, учурдагы чарбалык максаттар үчүн бумдарды жана материалдарды алууга 65,0 миң сом, таш көмүрдү сатып алууга 424,8 миң сом, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө 210,6 миң сом, жеңилдиктердин ордуна компенсациялар жана калкка жеңилдиктерге 15,0 миң сом, атайын каражаттан ар кандай чыгымга 7,3 миң сомго бекитилсин.
5. Салыктар көлөмү 391,8 миң сомго бекитилсин анын ичинен; киреше салыгы 190,0 миң сом, патенттик негизде 20,0 миң сом,транспорттук каражаттарга төлөнүүчү салык 53,0 миң сом, огородго берилген жер тилкелерине төлөнүүчү жер салыгы 16,0 миң сом, айыл чарба жерлерин колдонууга төлөнүүчү жер салыгы 81,0 миң сом, сатуудан түшкөн салык 4,0 миң сом, жайыт ижара төлөмүнө 4,0 миң сом, ФПС жерлеринен алынуучу ижара төлөмү 16,0 миң сом, атайын каражатка кызмат көрсөтүүдөн төлөнө турган кирешеге-7,3 миң сом, административдик айыптык негизде төлөнө турган кирешеге 0,5 мң сом.
6. 2015-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша долбоору 3 623,2 миң сом анын ичинен; кирешеси-421,8 миң сом, теңдештирме гранты 3 201,4 миң сом өлчөмүндө беитилсин.
7. 2016-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша долбоору 3 688,4 миң сом анын ичинен: кирешеси 461,8 миң сом, теңдештирме гранты 3 226,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Таш-Дөбө айыл өкмөтүндө бюджеттик эмгек акыга, соцфондго, командировкалык чыгымдарга, байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө, транспорттук чыгымдарга жана башка ар кандай чыгымдарга бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттарды лимиттен ашпай иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
9. Биринчи кезекте корголгон статьялар (эмгек акы, соцфонд, тамак-аш, коммуналдык чыгымдар) каржылансын.
10. 2012-жылдын бюджетинин аткарылышын талкуулоодо 2014-жылдын бюджетин талкуулап бекитүүдө айтылган сын сунуштардан мүмкүнчұлүккө жараша тыянак чыгарып өзгөртүү киргизүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Бийсеевге, башкы бухгалтер К.Ибраимовго милдеттендирилсин.
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
Сейдикалыкова Ж. |