Редакцияот 14.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Таш-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы

 

2014-жылдын 14-марты № 1-2

Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2014-жылга карата 2013-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатын сарптоо жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2014-жылга карата 197 512,66 сом калдык акча каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Бийсеевдин, ФЭБ башчысы К.Ибраимовдун сунуштарын эске алып, Таш-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2014-жылга карата

197 512,66 сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарда пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:

Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн карамагына жабдууларды жана материалдарды сатып алууга 100,0 миң сом;

Таш-Дөбө айылынын тургуну Г.Балтакуновага Таш-Дөбө айылына жаңы бала бакча куруу үчүн 47 512,66 сом;

Айыл ичиндеги эки көпүрөнү оңдоп түзөө үчүн 2х 25 000=50 000 сом.

2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Бийсеевден суралсын.

 

Таш-Дөбө айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Сейдикалыкова Ж.