Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-августу № III-2
Көк-Бел айыл округунун аймагында айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-2 «калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр» коэффициентин жана «мүлккө салык» салууда К-2 зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрында № 231 кабыл алынган жана салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык шаар аймагында айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептееде колдонулуучу К-2 «калктуу конуштардын экономикалык аймактык езгечелуктер» коэффициентин жана «мүлккө салык» салууда К-2 зоналдык коэффициентин кабыл алуу максатында депутаттардын Көк-Бел айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл округунун аймагында айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептееде колдонулуучу К-2 «калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр» коэффициенти 0,8 эсебинде бекитилсин жана 2013-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
2. Көк-Бел айыл округунун аймагында «мүлккө салык» салууда К-2 зоналдык коэффициенти - 0,8 эсебинде бекитилсин. >
3. Көк-Бел айыл округунун амагындагы калктын, мекеме ишканалардын топтогон таштандыларды алып чыгуу жыйымынын ставкалары № 1- тиркемесине ылайык бекитилсин жана 2013-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
4. Көк-Бел айыл округунун аймагында Автотранспорт токтоочу жайлар жок.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин башчысына жүктөлсүн.
Көк-Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
Ч. Тешебаев |