Редакцияот 05.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үгүт айылдык Кеңешинин кезексиз VI-сессиясы

 

2013-жылдын 5-декабры № 7

 Күн тартибинде каралуучу маселелер:

1. 2013-жылга чейин мыйзамсыз сатылып кеткен социалдык обүектилр, техникалар ж.б. жөнүндө маалыматтарды тактоо

2. Ар кандай маселелер.

Күн тартибиндеги каралган маселелер боюнча айтылган сын-сунуштарды, талкуулоолорду эске алуу менен Үгүт айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылга чейин мызмасыз сатылып кеткен чарбанын техникалары, социалдык обүектилери, пилорама, май куюучу жайлардын эмеректерин элдик жыйынга сунушталып, жыйынтык чыгаруу жагы Байгөнчөк айыл башчысы Н.Иманкадыровго милдеттендирилсин (эски мектептин имараты).

2. Үгүт жана Байгөнчөк айылдарынын кайрылуусу кабыл алынып, Үгүт айылдык Кеңешинин атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жаңы конуштарды трансформациялоого сунуш жиберилсин.

3. 2014-жылдын бюджетин кайра кароодо мектептердин мыкты мугалимдерин, мыкты окуучуларын, олимпиаданын жеңүүчүлөрүн стимуул катары сыйлоого акча каражаты бюджеттен каралсы.

4. 2013-жылдын бюджетин киргизилген өзгөртүү колдоого алынсын.

5. А.Жапарованын малдын купкасы жөнүндө арызы канааттандырылып, айылдык аймактын жер маселелери боюнча комиссиясында каралып, айыл өкмөтүнө сунушталсын.

6. Айыл аймагынын карамагындагы социалдык обүектилер айыл өкмөтүнүн менчиги болуп бекитилсин.

7. Үгүт жана Байгөнчөк айылдарында Айыл банк тарабынан берилүүчү күрөөсүз кредит алуучуларды аныктоого атайын комисси түзүлүп, курамына төмөндөгү адамдар киргизилсин:

 Байгөнчөк айылы: Н.Иманкадыров, А.Мааданбеков, Ж.Чодолдоев, Б.Орозбаев жана Д.Казиева;

 Үгүт айылы: М.Мурсанова, А.Мааданбеков, Т.Байбагышова, М.Исаков жана У.Мойдиев;

8. Байгөнчөк айылдык клубунун өздүк салымына төгүлгөн 18,0 миң ссомду тастыктаган документти айыл башчы Н.Иманкадыровго кийинки сессияда көрссөтүү жагы милдеттендирилсин.

9. Байгөнчөк айылынын таза суусу боюнччча төлөмдөрдүн айырмасы болгон 4087 сомду банкка төгүп, тийиштүү документтерин көрсөтүү жагы К.Эгембердиевге милдеттендирилсин.

10. Балдар бакчаларынын ата-энелер төлөм каражаттар эсебине кошумча түшүүчү 25300 сом сом акча каражаты төмөндөгү статьяларга жумшалсын:

·Бала бакчанын 2218 сатьясына (тамак-аш) – 20000 сом;

 Ар кандай чыгымдар 2215 статьясына – 5300 сом.

 

Үгүт айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Эгембердиев