Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-декабры № 3
“Шаардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы жөнүндө”
Шаардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу шаардык Ке=ештин алдындагы “Өнөр жай”боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А.Бекмырзаевдин, “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Джангировдунмаалыматтарын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 25 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу шаардык Ке=ештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А.Бекмырзаевдинжана“Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Джангировдунмаалыматтары эске алынсын.
2. Аткарылган иштер менен катар төмөнкүдөй кемчиликтер орун алгандыгы белгиленип, шаардык мэрияга, муниципалдык менчик департаментине (Н.Шамурзаев), шаардык билим берүү бөлүмүнө (Т.Шабданов) жана РЭС ишканасына (Б.Бостонов) кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүү жагы милдеттендирилсин:
№11 М. Темирбаеватындагы орто мектебинде жана №3 «Байчечекей» балдар бакчасында жылуулук маселеси жетиштүү де=гээлде болбогондугун белгилеп, маселени тез арада чечүү;
Кызыл-Жар шаарчасында жайгашкан №12 «Ягодка» балдар бакчасынын имараты авариялык абалда экендигин эске алып, №11 «Теремок» балдар бакчасына которуу жагын кароо;
Шаардын аймагындагы кээ бир мектептерде жана бала бакчаларда жылуулукту көзөмөлдөө үчүн термометрлер жок экендигин белгилеп, бардык мектептерди жана бала бакчаларды жылуулукту көзөмөлдөө үчүн термометрлер менен камсыздоо;
Кыш мезгилинде шаардын аймагындагы мектептерде жана бала бакчаларда электр энергияга болгон лимитти алуу жана жылытуу системаларын толук кандуу иштетүү;
Шаардын аймагында жайгашкан көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилбегендигине байланыштуу кыш мезгилдеринде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу;
Кыш мезгилинде жүргүнчүлөрдүн жана авто транспорттордун коопсуздугун камсыз кылуу максатында шаардын аймагындагыжолдорго кум, шлагдарды өз убагындатөгүп турууга жетишүү.
3. Жогоруда белгиленген кемчиликтерди кетиргендиги үчүншаардык муниципалдык менчик департаментине (Н.Шамурзаев), шаардык билим берүү бөлүмүнө (Т.Шабданов) жана РЭС ишканасына (Б.Бостонов) чара көрүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
4. Кемчиликтердин четтетилишинин жыйынтыгы боюнча маалыматты шаардык Кенештин кийинки сессиясына даярдап, алып чыгуу жагы штабдын төрагасы, шаардын 1-вице мэри И.Масабировго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
6. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Өнөр жай”(М.Кыдыршаев) жана “Социалдык маселелер” (Ж.Джангиров) боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Кулдышев М.С |