Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-декабры № 5
“Шаардык Кенештин төрагасынын жыл ичинде аткарган иштери тууралуу отчету жөнүндө”
Таш-Көмүр шаардык Кенешинин төрагасы М.Кулдышевдин 2014- жыл ичинде аткарган иштери тууралуу отчетун жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 25- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык Кенешинин төрагасы М.Кулдышевдин 2014- жыл ичинде аткарган иштери тууралуу отчету канааттандырарлыкдеп белгиленсин.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Кулдышев М.С |