Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-декабры № 8
“Шаардык мэриянын «2014-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү» тууралуу кайрылуу каттары жөнүндө”
Шаардык мэриянын 12.12.2014-жылдагы жана 18.12.2014-жылдагы “2014-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” №03-1/1408 жана 03-1/1438 кайрылуу каттары тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 25 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 12.12.2014-жылдагы жана 18.12.2014-жылдагы “2014-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” №03-1/1408 жана 03-1/1438 кайрылуу каттары тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматы эске алынсын.
2. Жыл ичинде сатуу салыгы бекитилген пландан ашыкча түшкөндүгүнө байланыштуу, Таш-Көмүр шаарынын 2014-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнүн көлөмү 1 578 500(бир миллион беш жүз жетимиш сегиз мин беш жүз) сомго жогорулатылып, өзгөртүү киргизилсин.
3. Таш-Көмүр шаарынын 2014-жылдагы бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 1 578 500(бир миллион беш жүз жетимиш сегиз мин беш жүз) сомго өзгөртүү киргизилип, түшүүчү каражаттын эсебинен төмөндөгүлөргө бөлүштүрүлсүн:
-Шаардык билим берүү бөлүмүнүн күз-кыш мезгилине карата 2014-2015-жылдарга жылуулукка болгон төлөмдөрүн төлөп берүү үчүн – 1 000,0 (бир миллион)сом шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу;
-Шаардагы борбордук китепкананын чатырын алмаштыруу үчүн– 300,0 мин сом шаардык маданият бөлүмү аркылуу;
-Шаардын аймагында биометриялык каттоо жүрүп жаткандыгына байланыштуу, 6 аймактык башкармалыкта коомдук тартипти сактоо үчүн ички иштер министрлигинен бөлүнгөн 6 (алты) кызматкердин 33 (отуз үч) жумушчу күндүк тамак ашы үчүн – 49 500 сом шаардык ички иштер бөлүмү аркылуу;
-Шамалды-Сай шаарчасында жайгашкан «Теремок» балдар бакчасынын эшиктерин алмаштыруу үчүн – 49,0 мин сом шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу;
-Сот бийлигинин 90 жылдык юбилейине карата шаардык сотко финансылык жардам катары – 130,0 мин сом шаардык мэрия аркылуу;
-Улуттук коопсуздук кызматынын 96 жылдыгына карата шаардык улуттук коопсуздук кызматына финансылык колдоо катары- 20,0 мин сом шаардык мэрия аркылуу;
-Шамалды-Сай шаарчасынын тургундарына Жаны жылдык “Көгүлтүр от” өткөрүү үчүн – 20,0 мин сом Шамалды-Сай шаарчасынын аймактык башкармалыгы аркылуу;
-Кызыл-Жар шаарчасынын тургундарына Жаны жылдык “Көгүлтүр от” өткөрүү үчүн – 10,0 мин сом шаардык маданият бөлүмү аркылуу.
4. Шаардык Кенештин 26-чакырылышынын кезексиз 24-сессиясынын №3 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүү киргизилип, Шамалды-Сай шаарчасындагы “Үмүт” балдар бакчасынын суу түтүкчөсүн ондоо үчүн бөлүнгөн 35 000 (отуз беш мин) сом акча каражаты алынып, ашканага электр плитасын сатып алуу үчүн шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу бөлүнүп берилсин.
5. 2014-жылдын башында Таш-Көмүр шаардык муниципалдык менчик департаментине атайын каражаттарга берилген план 400,0 мин сомго азайтылып, шаардык билим берүү бөлүмүнүн планы көбөйтүлүп берилсин.
6. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
7. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Кулуев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Кулдышев М.С |