Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-декабры № 9
“Шаардык мэриянын 12.12.2014-жылдагы «Айыл чарбасына арналбаган жерлердин зоналдык Кз коэффициентин бекитүү» тууралуу №03-1/1409 кайрылуу каты жөнүндө”
Шаардык мэриянын 12.12.2014-жылдагы «Айыл чарбасына арналбаган жерлердин зоналдык Кз коэффициентин бекитүү» тууралуу №03-1/1409 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Э.Кулуевдин, шаардык салык инспекциясынын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 25– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 12.12.2014-жылдагы «Айыл чарбасына арналбаган жерлердин зоналдык Кз коэффициентин бекитүү» тууралуу №03-1/1409 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Э.Кулуевдин маалыматы жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлери эске алынсын
2. 2015-жылга Таш-Көмүр шаарынын жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарчаларынын аймактарында калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгы үчүн колдонуучу зоналдык «Кз» коэффициенти 2015-жыл үчүн 1.2 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангадыгы үчүн жер салыгынын коэффициенти2015-жыл үчүн 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Кулуев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Кулдышев М.С |