Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-декабры № 10
“Таш-Көмүр шаарынын жарандарына “шаардын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Шаардык мэриянын 09.12.2014-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын жарандарына «шаардын Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө” №04-4/1385 сунуш каты боюнча шаардык Ке=ештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Бабатаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 25 –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 09.12.2014-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын жарандарына «шаардын Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө” №04-4/1385 сунуш каты боюнча шаардык Ке=ештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Бабатаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык Таш-Көмүр шаарынын социалдык экономикалык, маданий жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары жана жаш муундарды тарбиялоодо өзгөчө эмгек синиргендиги үчүн Таш-Көмүр шаарынын тургунуЖолдошбаев Алыбай Авазбековичке, Таш-Көмүр шаарынын «Ардактуу Атуулу» наамы ыйгарылсын жана «Шаардын Ардак Китебине» жазуу жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (С.Бабатаев) жуктолсун.
Таш-Көмүр шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Кулдышев М.С |