Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXIV-сессиясы
2014-жылдын 1-декабры № 24/3
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү салык жыйноонун
тогуз айлык жыйынтыгынын абалы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү салык жыйноонун тогуз айлык жыйынтыгынын абалы жөнүндө Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн салык кызматкери К.Абжалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө салыктын дээрлик бардык түрлөрүнөн тогуз айга топтолуп төгүлгөндүгүн белгилөө менен салык кызматынын аткарган иштеринин абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Салык боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, салык төлөмдөрүн өз убагында топтоо салык кызматкери К.Абжалиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Садыковага тапшырылсын.
Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Акаев |