Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXV-сессиясы
2014-жылдын 19-декабры № 25/3
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнө жогорку жактан келген документтердин,
атуулдардан түшкөн арыз даттануулардын аткарылышы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү өкмөтүнө жогорку жактан келген документтердин, атуулдардан түшкөн арыз даттануулардын аткарылыш абалдары жөнүндө айылдык Кеңештин депутаты К.Жумалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө жогорку органдардан келген каттар менен иштөөнүн жана айыл тургундарынан түшкөн арыз даттануулар менен жүргүзгөн иштеринин абалы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Каттар , айыл тургундарынын арыз даттануулары менен иштөөнү өркүндөтүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г. Сарыбаевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө улуттук администрациялык массалар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Акаев |