Редакцияот 22.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык Кеңешинин V шайланган кезектеги XV заседаниесинин

 

2014-жылдын 22-декабры № 16/7

Ленин айылдык округунун Кеңешинин 1У чакырылышынын 1 уюштуруу заседаниесинин 2008-жылдын 17-октябрындагы №1/7 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Ленин айылдык Кенешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.ОСОО “Жол-Чырак”ишканасы толук кандуу иштей баштагандыктан 2008-жылдын 22-октябрындагы түзүлгөн келишимдеги 2-тараптын 3-4-пунктарына өзгөртүү киргизилсин .

2. Келишимдеги 2-тараптын 3-пунктундагы айыл өкмөтүнүн бюджетине төгүлүүчү көмүрдөн түшкөн кирешенин 1% жана 4-пунктундагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканаларды бекер көмүр менен камсыз кылуудан бошотулсун.

3.ОСОО“Жол-Чырак” ишканасы 2014-жылдан баштап Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканаларга көмүр менен камсыз кылуудагы жана көмүрдөн түшкөн кирешесинен 1% өлчөмүндөгү женилдиктин эсебинен айыл өкмөтүнүн тургундары үчүн, Кытай Эл Республикасынан чыгарылган 2014-жылдагы GХ-931 маркасындагы погрузчик алууда демөөрчүлүк көрсөткөндүктөн 2014-2018-жылдар үчүн 1% төлөмдөн бошотулсун жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл башчыларга милдеттендирилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Ленин айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Жоробеков