Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-февралы № 26-30/5
Кубанычбек Дюшеевдин ысымын №14 кесиптик-техникалык
лицейине ыйгаруу жөнүндө
№14 профессионалдык техникалык лицейдин эмгек жамаатынын кайрылуусун, Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовдун 2015-жылдын 2-февралындагы кириш №01-7/511, №14 кесиптик-техникалык лицейдин директору Б.Малдыбековдун 2015-жылдын 2-февралындагы кириш №01-7/50 «Кубанычбек Дюшеевдин ысымын №14 кесиптик-техникалык лицейине ыйгаруу жөнүндөгү» кайрылуу каттарын карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын, К.Дюшеевдин ысымын №14 кесиптик-техникалык лицейине ыйгаруу жөнүндөгү корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXХ сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кубанычбек Дюшеевдин ысымы, Каракол шаарынын №14 кесиптик- техникалык лицейине ыйгарылсын.
2. Бул токтом, Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу кесиптик-техникалык билим берүү Агенттигине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын, 2009-жылдын 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
4. Бул токтом, Мамлекеттик реестерге ченемдик укуктук актыларына киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Усупбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Абдыкадыров |