АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алля Анаров айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IV-сессиясы
2014-жылдын 19-июлу № 7
Кыргызстандын журналисттер союзунун мүчѳсү Хашим Холбековдон арызын карап чыгуу жѳнүндѳ
А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап тѳмѳндѳгүдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргызстандын журналисттер союзунун мүчѳсү Хашим Холбеков 2013-жылы «Аравандын ардактуу инсандары» аттуу китебин жарыкка чыгарган, ушул китепти жаш муундарга кеңири таратуу максатында, айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу билим берүү мекемелерине жана китепканаларына айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин эсебинен акча каражаты берилип, китеп билим берүү мекемелерине китепканаларга жеткирилсин.
2. «Аравандын ардактуу инсандары» аттуу китебине 15 миң сом акча каражаты айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен бѳлүнүп берилсин.
Алля Анаров айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Абдуллаев |