Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIV-сессиясы
2014-жылдын 9-августу № 14-4
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн спорт, туризм жана жаштар
комитетинин 6 айлык аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн спорт, туризм жана жаштар комитетинин 6 айлык аткарган иштери жөнүндөгү маселени туруктуу комиссия тарабынан карап жана айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууга алып Кыргыз-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдындагы спорт, туризм жана жаштар комитетинин 6 ай ичинде аткарган иштерин айрым кемчилдиктерди эске алуу менен аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз-Ата айылдык аймагындагы билим берүү мекемелеринде, Көтөрмө айылындагы спорт комплексинде жаш муундарды спортко даярдоодо заманбап усулдарды колдонуу менен спорттун түрлөрү боюнча кошумча секцияларды көбөйтүү жана келечекте аты таанылган спортсмендерди чыгаруу боюнча алгылыктуу иштерди алып баруу билим берүү мекемелериндеги дене-тарбия мугалимде-рине жана айыл өкмөтүнүн спорт, туризм жана жаштар комитетинин адиси С. Ысаковго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|