Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIV-сессиясы
2014-жылдын 9-августу № 14-3
Кыргыз-Ата айылдык аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларынын 2014-2015-жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларынын 2014-2015-жаңы окуу жылына карата даярдыгы боюнча айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим-берүү боюнча туруктуу комиссиясында карап жана айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкуулап Кыргыз-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларынын 2014-2015-жаңы окуу жылына карата социалдык обьектилерде оңдоо иштеринин аткарылышы жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында жүргүзүп жаткан иштери жакшы экендиги белгиленсин.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагында жаңы окуу жылына карата даярдыкты жүргүзүүдө С.Токторов атындагы орто мектебинде жана А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясында өзгөчөлөнгөн иш аракеттер аткарылгандыгы белгиленсин.
3. К.Каримов атындагы орто мектебинин жаңы окуу жылына карата болгон даярдыгы айылдык кеңештин депутаттары тарабынан кошумча текшерүүсүнүн негизинде канааттандырарлык деп табылсын.
4. Айылдык аймактагы балдар бакчаларында жүргүзүлүп жаткан иштер, балдар бакчаларын оңдоо иштеринин жүрүшү жалпысынан канааттандырарлык деп табылсын жана “Жылдызча-Нур” балдар бакчасында бул иштердин аткарылышы жакшы экендиги белгиленсин. Айылдык аймагынын балдар бакчаларындагы санитардык-гигиеналык абалын мындан ары жакшыртуу айыл өкмөтүнө жана балдар бакчаларынын жетек чилерине милдеттендирилсин.
5. Борко айылындагы К.Кокомбаева атындагы балдар бакчасы жаңыдан ишке берилип жаткандыгын эске алуу менен балдар бакчасынына материалдык жана техникалык жардам көрсөтүүнү колго алуу айыл өкмөтүнүн соц. адиси Ш.Аттокуровага жана айылдык кеңештин социалдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Айылдык аймагындагы Борко лицейи менен К.Коконбаева атындагы балдар бакчасынын ортосундагы чек араны бөлүштүрүп берүү айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
7. К.Каримов атындагы орто мектебинин чегинде жайгашкан соода дүкөндөрүнүн имараттарынын арткы тарабын актоону көзөмөлгө алуу Борко айылынын айыл башчысы К.Бодоевке жана айылдык кеңештин социалдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
8. К.Каримов атындагы орто мектебинин стол-стулдарын жаңылоо боюнча фонддор менен иштөө, спонсорлорду табуу мектеп жетекчилигине тапшырылсын жана жаңы мебелдер менен камсыз кылууну райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
9. Айылдык аймагындагы мектептердин жана балдар бакчаларынын кыш мезгилине карата даярдыгы боюнча жылытуу системаларын оңдоо иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнө жана көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин социалдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
10. Айыл аймагындагы мектептердин жылытуу системасына суу насосу жана башка керектүү запастык бөлүктөрдү алып берүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|