Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIV-сессиясы
2014-жылдын 9-августу № 14-2
Кыргыз-Ата айылдык аймагынын социалдык-экономиканын өнүгүүсүнүн 2014-жылдын 6 ай ичинде аткарылган иштери жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык аймагынын социалдык-экономиканын өнүгүүсүнүн 2014-жылдын 6 ай ичинде аткарылган иштери боюнча Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинде айтылган пикирлерди жана айылдык кеңешинин талкуусун угуп Кыргыз-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык аймагында 2014-жылдын 6 ай ичинде социалдык-экономиканын өнүгүүсүндө айылдык аймагындагы мекеме-ишканалар, чарбалык субьектилер жана айыл өкмөтүнүн адистери тарабынан бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгы менен катар, айылдык аймагында айыл чарба, өнөр-жай өндүрүшүн жогорулатууда, салыктарды топтоодон, электр энергиясынан ж.б. төлөмдөрдү чогултууда айрым кемчилдиктерге жол берилгендиги белгиленсин.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына, салык инспекторлоруна айылдык аймагындагы мекеме-ишкана жетекчилерине 2014-жылдын 6 ай ичинде кетирилген кемчилдиктерин оңдоо менен экинчи жарым жылдыкта, суудан, электр энергиясынан болгон карыздарды кескин кыскартуу боюнча иштерди алып баруу тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|