Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII-сессиясы
2014-жылдын 12-апрели № 11-8
Кыргыз-Ата айыл аймагында таштандыларды ташып чыгуу
жана айылдардын санитардык абалын туруктуу кармап туруу
максатында “Тазалык” комитетин түзүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагында таштандыларды ташып чыгуу жана айылдардын санитардык абалын туруктуу кармап туруу максатында “Тазалык” комитетин түзүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
Айыл аймагындагы таштандыларды ташып чыгуу жана айылдарда санитардык абалды туруктуу кармап туруу максатында Кыргыз-Ата айыл аймагы боюнча “Тазалык” комитети түзүлсүн жана төмөндөгүдөй курамда бекитилсин :
1. Имаров Болотбек – “Тазалык” комитетинин төрагасы;
Мүчөлөрү
2. Аттокурова Шазаада – айыл өкмөтүнүн соц адиси;
3. Абидинов Ысамидин - айыл өкмөтүнүн вет. адиси;
4. Абдикрамов Алибек - № 10 ҮБДТ нын эпидомологу;
5. Калжигитов Алимбек - айдоочу;
6. Капаров Махаммат - айдоочу;
7. Абдыраимов Сеит - айдоочу;
Ар бир айылда таштандыларды ташып чыгуу графигин түзүп, атайын таштандыларды төгүү жайына жеткирүүгө транспорт каражаттарын уюштуруу жана айылдарда санитардык абалды такай көзөмөлгө алып туруу “Тазалык” комитетине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|