Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI-сессиясы
2014-жылдын 12-апрели № 11-7
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айылдарда спирт ичимдиктерин
мыйзамсыз сатып жаткан атуулдардын ишкердигин токтотуу
жана аларга чектөө коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 516-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында алкоголдук продукцияларды чекене сатуу эрежелерине” жана айыл аймагындагы аксакалдар кеңеши, жаштар комитеттеринин жана жамааттардын суроо-талаптарына негиз айылдарда алкоголдук продукцияларды чекене сатуу менен алектенген атуулдардын ишкердиги боюнча маселени угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында алкоголдук продукцияларды чекене сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 516-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында алкоголдук продукцияларды чекене сатуу эрежелерин” так сактоо менен жүргүзүлсүн.
2. Айыл аймагындагы дүкөндөрдө алкоголдук продукцияларды сатуу эрежелерин одоно бузуп, сертификаты жана лицензиясы жок мыйзамсыз спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салынсын жана алардын ишмердиги токтотулсун.
3. Мыйзамсыз иш аракеттерди жасаган жана чектөөлөрдү бузган ишкерлерди көзөмөлгө алуу айыл башчыларга (Н.Максытов, Э.Арынов, Т.Садиров, К.Бөдөев, О.Матиев) жана аймактык тескөөчүлөр С.Шербаев, Б.Каратаевдерге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|