Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI-сессиясы
2014-жылдын 12-апрели № 11-6
Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу“Күнгөй”, “Токмок-Булак” жана
“Жаз-Токой” жайыттарына мал чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386-токтому менен бекитилген “Жайыттар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 6 беренелерине ылайык жана Кыргыз-Ата айыл аймагынын жашоочуларынын суроо-талаптарын аткаруу максатында айыл аймакка караштуу “Күнгөй”, “Токмок-Булак” жана “Жаз-Токой” жайыттары улам жыл өткөн сайын экологиялык жактан жараксыз абалга келип, сел түшүү коркунучу көбөйүп бара жаткандыгына байланыштуу мал чыгарууга убактылуу тыюу салуу боюнча Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары аталган маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386-токтому менен бекитилген “Жайыттар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 6 беренелерине ылайык жана Кыргыз-Ата айыл аймагынын жашоочуларынын суроо-талаптарын аткаруу максатында айыл аймагына караштуу “Күнгөй”, “Токмок-Булак” жана “Жаз-Токой” жайыттарына мал чыгарууга убактылуу тыюу салынсын.
2. Айыл аймагындагы “Күнгөй”, “Токмок-Булак” жана “Жаз-Токой” жайыттарына мал чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана жайыттарга мал чыгарбоо боюнча такай көзөмөл жүргүзүү айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, Өзгөчө Кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз –Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|