Редакцияот 14.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX-сессиясы

 

2014-жылдын 14-февралы № 10-9

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн кызмат унаасын менчиктештирүү

боюнча айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы А.Маликовдун берген

арызы жөнүндө

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  2006-жылда чыгарылган кызмат унаасы ВАЗ -2121-04  гос. № 29-77 ОА автомобилин айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы А.Маликовго берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык Кеңешини

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн балансасындагы 2006-жылы чыгарылган автомобиль ВАЗ-2121-04 мамлекеттик № 29-77 ОА автомобилинин эскилик мөөнөтү жетип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн  сатууга уруксат алынган  мезгилде айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы А.Маликовго сатууга сунушталсын.

 

Кыргыз–Ата айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С.Турдуев