Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX-сессиясы
2014-жылдын 14-февралы № 10-7
Айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылына караштуу “Кара-Жар”
участкасындагы КБФ жеринен ижара акысынын өлчөмүн
азайтуу жөнүндө
Айыл аймагындагы “Кара-Жар» участкасында жайгашкан КБФ жерлеринин табигый кырсыктарга байланыштуу сапаты начарлап, пайдаланууга улам кыйындап бара жаткандыгын жана көптөгөн арендорлордун арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жөнүндөгү мыйзамдын 13 - статьясына негиз Кыргыз-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Кара-Жар” участкасына караштуу КБФ жерлеринин ижара акысынын өлчөмүн азайтуу боюнча жеринде карап, 2014-жылга аренда акысын азайтуу боюнча сунушту даярдоо айылдык кеңештин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|