Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX-сессиясы
2014-жылдын 14-февралы № 10-6
Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин
туруктуу комиссияларынын курамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Кыргыз-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципиалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясынын мүчөсү Камбаров Заирбек Жаңыбаевичтин өз арызынын негизинде депутаттык мандатын тапшыргандыгына байланыштуу ордуна кезектеги депутат Хожомуратов Маматисак комиссия мүчөлүгүнө кабыл алынсын.
2. Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиянын мүчөсү депутат Марипов Бакытбек Асамидинович Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу ордуна кезектеги депутат Учкеев Нурлан комиссия мүчөсү болуп кабыл алынсын.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|