Редакцияот 23.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IX-сессиясы

 

2013-жылдын 23-ноябры № 8-10

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын

бюджетине өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетине 2013-жылдын 9-ай ичинде келип түшкөн ашыкча кирешелерди чыгымдоо боюнча смета түзүп, иштөө максатында

Кыргыз- Ата айыл Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн бюджетине кен байлыктарды иштетүүгө укук берилген лицензиядан алынган салыктан 101,8 мин сом:

- мамлекеттик алымдар 45,0 миң сом:

- муниципалдык менчикте турган турак жайлардын ижарасынан 14,0 миң сомго көбөйтүлсүн:

     - айыл чарба эмес багытындагы жер салыгынан 100,0 миң сом:

     - транспорт салыгынан 160,0 миң сом:

     - атайын счеттон 15,7 миң сомго көбөйтүлсүн.

Калктуу пунктардагы жерлерден алынуучу акы 30,0 миң сомго :

- административдик штрафтар 12,0 миң сомго азайтылсын.

4. Жогорудагы кирешелердин айрымасынан 138,8 миң сом төмөндөгү чыгымдарга : 701-бөлүмдүн командировкалык чыгымына – 3,8 миң сом,

709-бөлүмдүн Борко балдар бакчасынын бүтпөй турган имаратына колдоо көрсөтүүгө 240,0 миң сом, “Мераж-Нуру” балдар бакчасына инвентарь алууга 50,0 миң сом, мектептердеги мугалимдердин соцфондко жетпей калган акчалары үчүн 85,0 миң сом, мектептердин түрдүү чыгымына с.т 22156900 15,7 миң сом акча каражаты жумшалсын.

5. Айыл өкмөтүнө караштуу тармактардын статьяларындагы 394,5 миң сомду башка тармактардын статьяларына 394,5 миң сомго өзгөртүүлөр киргизилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, салык жана ишкерликти колдоо комиссиясына тапшырылсын.

 

Кыргыз–Ата айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С.Турдуев