Редакцияот 23.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII-сессиясы

 

2013-жылдын 23-ноябры № 8-9

Көтөрмө-Ак-Булак жолундагы көпүрөөнү оңдоо боюнча Кыргыз

Республикасынын ӨКМнын Ноокат райондук бөлүмүнө сунуш

берүү жөнүндө

 

Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө-Ак-Булак жолундагы пайдаланууга кооптуу абалга келип калган күпүрөөнү оңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын ӨКМнын Ноокат райондук бөлүмүнө сунуш берүү маселеси туруктуу комиссия жана айыл кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып Кыргыз Ата айыл Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө-Ак-Булак жолундагы пайдаланууга кооптуу абалга келип калган  көпүрөөнү оңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын ӨКМнын Ноокат райондук бөлүмүнө сунуш берилсин.

2. Көпүрөөнү оңдоо боюнча керектүү документтерди бүткөрүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  жер, турак жай-коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис А.Аттокуровго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кыргыз–Ата айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С.Турдуев