КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII-сессиясы
2013-жылдын 23-ноябры № 8-7
Кыргыз-Ата айыл аймагында элдин
малдарынын эпизоотиялык абалы жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы элдин малдарынын эпизоотиялык абалы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн вет.адиси Ы.Абидиновдун билдирүүсүн айыл кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл айыл өкмөтүнүн вет.адиси Абидинов Ысаидиндин 2013-жылдын 9-айында элдин малдарынын эпизоотиялык абалын туруктуу сактоо боюнча аткарган иштери жактырылсын.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы элдин малдарын жаз-күз мезгилине карата эмдөөнү өз убагында, системалуу жана сапаттуу түрдө аткаруу, өзгөчө коркунучтуу ыландардын алдын алуу, болтурбоо боюнча иш-чараларды күчөтүү айыл өкмөтүнүн вет.адиси Ы.Абидиновко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыктарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|