Редакцияот 23.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII-сессиясы

 

2013-жылдын 23-ноябры № 8-6

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  “Аскердик кызматка чакыруу,

паспорт, каттоого алуу бөлүмү” тарабынан аткарылган

 иштердин абалы жөнүндө

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Аскердик кызматка чакыруу, паспорт, каттоого алуу бөлүмү” тарабынан 2013-жылы 9-айында аткарылган иштери туруктуу комиссия жана айыл кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып Кыргыз-Ата айыл Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Аскердик кызматка чакыруу, паспорт, каттоого алуу бөлүмү” тарабынан 2013-жылдын 9-айында аткарылган иштери белгиленсин.

2. Аскердик кызматына жашы жеткен өспүрүмдөрдүн эсебин каттоо, айыл аймагындагы мектеп, гимназия, лицейлер менен тыгыз байланышта иштөө өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү, тарбиялык иш-чараларды үзгүлтүксүз алып барууну күчөтүү, ВУЗ кызматкерлер Б.Азимкулов, Ж.Абдиллаев, Ташбалта уулу Алтынбектерге жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү комиссиясына тапшырылсын.

 

Кыргыз–Ата айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С.Турдуев