Редакцияот 23.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII-сессиясы

 

2013-жылдын 23-ноябры № 8-5

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы калкка медициналык кызмат

көрсөтүүдөгү абалы боюнча № 10 -ҮБДТнын аткарган

иштери жөнүндө

 

Кыргыз-Ата айыл аймагында жайгашкан № 10- үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун калктын ден-соолугун чыңдоо, санитардык иштерди жакшыртууда аткарып жаткан иштери боюнча башкы дарыгери М.Абдыкеримованын отчетун угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айыл Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы калкты медициналык жактан тейлөөдө № 10-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жүргүзүп жаткан иштери белгиленсин.

2. № 10-ҮБДТнын башчылары М.Абдыкеримовага, К.Чөнөевага жана ФАПтын башчыларына :айылдын калкын медициналык жактан ар тараптуу тейлөөнү жакшыртуу;калк арасында ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу, санитардык гигиеналык түшүндүрүү иштерин уюштуруу;ар бир медициналык кызматкерлердин өз микроучасткалары боюнча айыл арасында тазалык, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин активдештирүү боюнча үзгүлтүксүз иштерди алып баруу милдеттендирилсин.

3. Айыл аймагындагы медициналык мекемелеринде эмдөө иштерине тоскоолдук багытында үгүт иштерин жүргүзүп жаткан атуулдарды тактап, териштирип тыюу салуу айыл аймагынын тескөөчүлөрү Ш.Шербаевге, Б.Каратаевге жана аялдар кеңешине, билим берүү мекемелеринин жетекчилерине, айыл башчыларга милдеттендирилсин.

4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл Кеңештин элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кыргыз–Ата айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С.Турдуев