Редакцияот 23.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII-сессиясы

 

2013-жылдын 23-ноябры № 8-2

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн айыл башчылар тарабынан

2013-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  айыл башчылар тарабынан 2013-жылдын   9 айы ичинде  аткарган иштери  боюнча  Кыргыз-Ата айыл Кеңешинин туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн заседаниелеринде  айтылган пикирлерди жана айыл кеңешинин депутаттарынын талкуусун угуп  жана талкуулап  Кыргыз Ата айыл Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айыл  өкмөтүнүн айыл башчылар тарабынан 2013-жылдын  9 ай ичинде аткарган иштери эске алынсын.

2. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айылдардын инфраструктурасын көтөрүү боюнча аткарылып жаткан иштерди жандандыруу, калкты таза суу менен камсыз кылуу, айылдардын жолдорун кеңейтип  тратуарларды ачуу, арыктарды чабуу, көчөлөрдүжарыктандыруу, электр линияларына тийген дарактарды кесүү жана каналдардын тазалыгын камсыз кылуу   иштерин  2013-жылдын 10-декабрына чейин бүткөрүү  айыл башчыларга милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин  айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Кыргыз–Ата айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С.Турдуев