Редакцияот 10.08.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VII-сессиясы

 

2013-жылдын 10-августу № 7-7

Кыргыз-Ата айылдык аймагында жайгашкан Тажибай атындагы орто мектебинин отканасынын, Чоң-Кыштоо башт алгыч мектебинин курулушун жана “Бөрү-Ата” коомдук фондуна караштуу жерлерди иликтеп чыгуу боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө

Кыргыз-Ата айылдык аймагында жайгашкан Тажибай атындагы орто мектебинин отканасын мектеп жамаатынын арызынын негизинде бузуп, бузуудан түшкөн акчаны мектептин өзүнө пайдалануу, аяктап бара жаткан Чоң-Кыштоо башталгыч мектебинин курулушунун сапатын текшерүү жана

“Бөрү-Ата” коомдук фондуна караштуу жерлердин мыйзамдуулугун иликтеп чыгуу боюнча депутаттар тобунун комиссия түзүү боюнча Кыргыз-Ата айылдык аймактык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айылдык аймагында жайгашкан Тажибай атындагы орто мектебинин отканасын мектеп жамаатынын арызынын негизинде бузуп, бузуудан түшкөн акчаны мектептин өзүнө пайдалануу, аяктап бара жаткан Чоң-Кыштоо башталгыч мектебинин курулушунун сапатын текшерүү жана “Бөрү-Ата” коомдук фондуна караштуу жерлердин мыйзамдуулугун иликтеп чыгуу боюнча депутаттар тобунан төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:

1. Марипов Бакытбек – айылдык кеңештин депутаты, ком.төрагасы

Мүчөлөрү:

Нурматов Советбек - айылдык кеңештин депутаты.

Алымов Рахман - айылдык кеңештин депутаты.

Шарипов Топчубай - айылдык кеңештин депутаты.

Эркебаев Бактияр - айылдык кеңештин депутаты.

Бабакулова Асида - айылдык кңештин депутаты.

Турсуналиева Анипа - айылдык кеңештин депутаты.

2.Аталган обьектилерди текшерип чыгып жыйынтыгын кезектеги сессияга коюуга даярдоо жагы жогорудагы түзүлгөн комиссия курамына тапшырылсын.

 

Кыргыз–Ата айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С.Турдуев